عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب الاختصاص القضائي

قانون جمهورية قيرغيزستان رقم 29 المؤرخ 31 مارس 1998 بشأن الحماية القانونية لمخططات الدوائر المتكاملة (بصيغته الأخيرة المعدلة بالقانون رقم 149 المؤرخ 7 يوليو 2015)، قيرغيزستان

عودة للخلف
أحدث إصدار في ويبو لِكس
التفاصيل التفاصيل سنة الإصدار 2015 تواريخ بدء النفاذ : 10 أبريل 1998 الاعتماد : 31 مارس 1998 نوع النص قوانين الملكية الفكرية الرئيسية الموضوع تصاميم الدوائر المتكاملة، إنفاذ قوانين الملكية الفكرية والقوانين ذات الصلة، هيئة تنظيمية للملكية الفكرية ملاحظات تضم هذه النسخة الموحدة لقانون الحماية القانونية لمخططات الدوائر المتكاملة جميع التعديلات الصادرة حتى القانون رقم 149 المؤرخ 7 يوليو 2015، الذي نشر في العدد 63 من جريدة 'إركين-تو' في 10 يوليو 2015، ودخل حيز النفاذ بعد 10 أيام من نشره.
وللاطلاع على التعديلات التي أدخلها القانون رقم 149 المذكور، يرجى الرجوع إلى المواد 2 و3 و6 ومن 9 إلى 14 من النسخة الموحدة.

المواد المتاحة

النصوص الرئيسية النصوص ذات الصلة
النصوص الرئيسية النصوص الرئيسية بالقيرغيزية Кыргыз республикасынын мыйзамы 1998-жылдын 31-марты № 29 'интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө' (КР 2015-жылдын 7-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)         بالروسية Закон Киргизской Республики № 29 от 31.03.1998 г. «О правовой охране топологий интегральных микросхем» (в редакции Закона КР № 149 от 07.07.2015 г.)        

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1998-жылдын 31-марты N 29

Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2006-жылдын 7-августундагы N 150, 2007-жылдын 31-июлундагы N 127, 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр:

интегралдык микросхема (мындан ары - ИМС) - электрондук схеманын милдетин аткарууга арналган биротоло бүткөн же орто аралык формадагы микроэлектрондук буюм, анын элементтери менен байланыштары бул буюмдун жасалышына негиз болгон материалдын көлөмүнө жана (же) бет жагына ажырагыс түрдө түзүлөт;

интегралдык микросхеманын топологиясы (мындан ары - топология) - интегралдык микросхеманын элементтеринин жыйындысынын жана алардын ортосундагы байланыштардын материалдык алып жүрүүчүсүндө белгиленген мейкиндик геометриялык жайгашуусу;

коммерциялык максаттарда пайдалануу - сатуу, жалдоого берүү жана коммерциялык жайылтуунун башка ыкмалары, ошондой эле бул аракеттерди ишке ашырууга сунуш кылуу.

Ушул Мыйзамда автор, анын мураскери, ошондой эле мыйзам же келишим аркылуу алган өзгөчө мүлктүк укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак укук ээси болуп саналат.

2-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

Ушул Мыйзам менен топологияларды түзүүгө, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу мамилелер жөнгө салынат.

Топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Укуктук коргоонун объектиси жана шарттары

Ушул Мыйзам менен берилүүчү укуктук коргоо оригиналдуу топологияга гана жайылтылат.

Автордун чыгармачыл иш аракетинин натыйжасында түзүлгөн топология оригиналдуу болуп эсептелет. Топология, анын тескерисинчеси далилденмейинче, оригиналдуу деп тааныла берет.

ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына анын элементтеринин жыйындысы ал жасалган күнгө карата жалпысынан белгилүү болгон топологияга ушул Мыйзам менен укуктук коргоо берилбейт.

ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына ал түзүлгөн датага карата жалпыга белгилүү болгон элементтерден турган топологияга, эгерде мындай элементтердин жыйындысы ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген учурда гана укуктук коргоо берилет.

Ушул Мыйзам менен берилген укуктук коргоо топологияда ишке ашырылууга мүмкүн болгон идеяларга, ыкмаларга, системаларга, технологияларга же шарттуу белгиленген маалыматтарга жайылтылбайт.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Топологияга автордук

Чыгармачылык иш-аракетинин натыйжасында ушул топологияны түзгөн жеке адам топологиянын автору деп таанылат.

Эгерде топология бир нече адам тарабынан биргелешип түзүлсө, бул адамдардын ар бири мындай топологиянын автору деп таанылат.

Топологияны түзүүгө жекече чыгармачыл салым кошпой, авторго техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана жардам көрсөткөн, же топологияны пайдаланууга укук алууга көмөктөшкөн жеке адамдар автор катары таанылбайт.

Топологияга автордук укук ажыратылгыс жекече укук болуп саналат жана мыйзам тарабынан мөөнөтсүз корголот.

5-статья. Мүлктүк укуктар

Авторго же башка укук ээсине бул топологияны өз билгениндей, атап айтканда, ушундай топологиядагы ИМСти жасоо жана жайылтуу жолу менен пайдаланууга бөтөнчө укук таандык; буга ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган учурларды кошпогондо, тийиштүү уруксатсыз бул топологияны башка адамдардын пайдаланышына тыюу салуу укугу да кошулат.

Топологиянын бир нече авторлоруна же башка укук ээлерине таандык укуктарды пайдалануунун тартиби алардын ортосундагы келишим менен аныкталат.

Мындай келишим жок болгон учурда, алардын ар бири топологияны өзүнүн кароосу боюнча пайдалана алат, бирок калган башка укук ээлеринин макулдугусуз каттоодон өткөрүлгөн топологияга мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндө келишим түзүүгө укугу жок. Мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндөгу келишимди түзүү тууралу укук ээлеринин ортосунда өз ара макулдашууга жетишпеген учурда, алардын арасындагы талаш сот аркылуу чечилиши мүмкүн.

Автордон же башка укук ээсинен уруксатсыз жасалган төмөндөгү иш-аракеттер топологияны пайдаланууда:

топологияны ИМСке кошуу же дагы башкача жол менен топологияны бүт бойдон же анын бир бөлүгүн көчүрүп алуу;

буга топологиянын түп нускасы болуп саналбаган бөлүгүнөн гана көчүрүп алуу кошулбайт;

топологияны же ушул топология бар ИМСти колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу жана дагы башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү өзгөчө укукту бузуу катары таанылат.

6-статья. Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү

Топологияга мүлктүк укуктар башка жеке же юридикалык жактарга келишим боюнча бүт бойдон же жарым-жартылай берилиши мүмкүн.

Келишим жазма түрүндө түзүлөт жана өзүнө төмөнкү шарттарды камтууга тийиш: берилүүчү укуктардын көлөмү жана топологияларды пайдалануу ыкмалары, төлөм тартиби жана сыйлык өлчөмү, аны пайдалануунун аймагы жана келишимдин иш мөөнөтү.

Мүлктүк укуктарды берүү жөнүндөгү же катталган топологияга лицензиялык келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталууга тийиш.

Топологияга мүлктүк укуктарды тапшыруу (өткөрүү) жөнүндөгү келишим катталбаса жараксыз деп табылат.

Топологияга мүлктүк укуктар мыйзам менен аныкталган тартипте мурас боюнча өтөт.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Кызмат милдеттерин аткаруу катары жана заказчы менен ке лишим боюнча түзүлгөн топологияга мүлктүк укуктар

Кызмат милдеттерин аткаруу же жумуш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча түзүлгөн топологияга мүлктүк укуктар, эгерде жумуш берүүчү менен автордун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, жумуш берүүчүгө таандык болот.

Сый акы төлөө тартиби жана өлчөмү автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен белгиленет.

Жумуш берүүчү болуп эсептелбеген заказчы менен түзүлгөн келишим боюнча автор жасаган топологияга мүлктүк укуктар, эгерде келишимде башкача каралбаса, заказчыга таандык болот.

7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мындай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.

Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге (авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.

(КР 2006-жылдын 7-августундагы N 150 Мыйзамынын, 2007-жылдын 31-июлундагы N 127 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу деп таанылбаган иш-аракеттер

Топологияны пайдаланууга берилген:

мыйзамдуу түрдө алган ИМСти же ушундай ИМС бар буюмдарды, эгерде ушундай пайдаланууну жүргүзүп жаткан жак бул ИМСтер же мындай ИМС бар буюмдар топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу менен жасалганын же жайылтылып жатканын билбесе же билүүгө тийиш болбосо, аларды пайдалануу. Топологиянын укук ээсинен тийиштүү эскертүү алгандан кийин бул жак ар бир ИМС үчүн же ушундай ИМС бар ар бир буюм үчүн ылайыгына жараша компенсация төлөп берет;

пайда көрүүнү көздөбөй жеке максатта, ошондой эле баалоо, талдоо, изилдөө жана үйрөнүү максатында пайдалануу;

мыйзамдуу жол менен чарбалык жүгүртүүгө киргизилген корголуучу топологиялуу ИМСти жайылтуу өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт.

Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн, башка автордун түзгөнүнө карабастан, окшош оригиналдуу топологияга карата ишке ашырылып жаткан иш-аракеттер топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт.

9-статья. Топологияны каттоо

Топологиянын автору же башка бир укук ээси өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу топологияны ИМСтин топологиясын расмий каттоого билдирме берүү (мындан ары - каттоого билдирме) жолу менен каттата алат.

Каттоого билдирме берүү топологияны биринчи жолу пайдалануу датасынан тартып, эгерде мындай пайдалануу болсо, эки жылдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

Каттоого билдирме берүү бир гана топологияга тиешелүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

укук ээсин, ошондой эле эгерде ушундай катары көрсөтүлүүдөн баш тартпаса авторун, алардын турган жерин (жашаган жерин), топологияны биринчи жолу пайдалануу датасын, эгерде мындай пайдалануу болсо, көрсөтүү менен ИМСтин топологиясын расмий каттоого арызды;

топологиянын өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү рефератты кошуп алганда, топологияны идентификациялаган депонирленген материалдарды;

ИМСтин топологиясынын элементтеринин жайгашуусунун геометриялык-мейкиндик схемасын;

белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымы төлөнгөнүн ырастоочу документти же каттоо жыйымын төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди.

Каттоого билдирме келип түшкөндөн кийин зарыл документтердин болушу, алардын ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө баяндалган талаптарга ылайык келүүсү текшерилет. Билдирме берилгенден кийин эки айдын ичинде арыз ээси билдирменин материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.

Билдирмени кароо алты айдын ичинде жүргүзүлөт.

Текшерүүнүн оң натыйжасы чыкканда топология Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилет, топологиянын катталганы жөнүндө маалыматтар жарыяланат жана арыз ээсине интегралдык микросхеманын топологиясы расмий катталганы жөнүндө күбөлүк берилет.

Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын интегралдык микроехемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтар, алар тескерисинче далилденгенге чейин ишенимдүү деп эсептелет.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн арыз ээси жоопкерчилик тартат.

Интегралдык микросхемалардын топологияларын, укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди расмий каттоого байланыштуу аракеттерди жүзөгө ашыруу жана маалыматтарды жарыялоо үчүн каттоо жыйымдары алынат.

Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмдөрүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Топологиянын автору же анын укук мураскери өздөрүнүн укуктары жөнүндө билдирүү үчүн корголуучу топологияга, ошондой эле ушундай топологияны камтыган буюмдарга Т ("Т", [Т], (Т), Т* же Т) жазуу тамгасы түрүндө белгиленген кабарлоону, укук ээсин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү топологияны жана маалыматты пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнө кирүү мөөнөтү башталган датаны көрсөтүүгө укуктуу.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Топологияны пайдаланууда өзгөчө укуктук аракеттенүү мөөнөтү

Топологияны пайдаланууга өзгөчө укук он жыл аралыгында күчүндө болот.

Топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүнүн башталышы төмөндөгү даталардын бир кыйла эртерээги боюнча белгиленет:

топологияны биринчи пайдалануунун күнү боюнча; мында кайсы бир жерде бул топологияны же ушул топология менен ИМСти чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнүн бир кыйла эртерээк документтештирип жазылган күнү эсептелет;

топологияны каттоо күнү боюнча.

Окшош оригиналдуу топология пайда болгон учурда, башка автордун түзгөнүнө карабастан, топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнүн жалпы мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Топологияга укукту коргоо

Топологиянын автору же башка бир укук ээси төмөндөгүлөрдү талап кылууга акылуу:

укуктарды таанууну;

укуктун бузулушуна чейин күчүндө болгон абалды калыбына келтирүүнү жана укукту бузуучу же укукту бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну; келтирилген зыяндардын ордун толтурууну, булардын өлчөмүнө укук бузуучу мыйзамсыз алган кирешелердин суммасы кошулат;

алардын укуктарын коргоого байланышкан, ченемдик мыйзам актыларында каралган башка чараларды колдонууну.

Автор же башка бир укук ээси өзүнүн укугун коргоо үчүн белгиленген тартипте сотко кайрыла алат.

(3-бөлүк КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(4-бөлүк КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Чет өлкөлөрдө топологияга укукту коргоо

Автор же башка укук ээси чет өлкөлөрдө топологияга укуктук коргоо боюнча тийиштүү билдирмени каттодон өткөргөндөн кийин гана сурап ала алат. Бул жобону сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Чет өлкөлөрдө топологияга укуктук коргоону алууга байланышкан чыгымдарды ушундай коргоону сурап алуучу жак же аны менен макулдашуу боюнча башка жеке адам же юридикалык жак көтөрөт.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын укуктары

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара келишүү принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Эл аралык келишимдер

(КР 2015-жылдын 7-июлундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 10-апрелинде N 43-44 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын "Интегралдык микросхемалардын топологиясын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы көрсөтүлгөн Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан интегралдык микросхемалардын түзүлүшүнө жана пайдаланылышына байланыштуу мамилелерге карата жайылтылат.

Эгерде интегралдык микросхемалардын топологиясы ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып эки жылдын ичинде Кыргызпатентте катталса, Ушул Мыйзамдын күчү аталган Мыйзам кабыл алынганга чейин келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

1998-жылдын 2-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

г.Бишкек, от 31 марта 1998 года N 29

О правовой охране топологий интегральных микросхем

(В редакции Законов КР от 27 февраля 2003 года N 46, 7 августа 2006 года N 150, 31 июля 2007 года N 127, 7 июля 2015 года N 149)

Статья 1. Основные понятия

Основные понятия, применяемые в настоящем Законе:

интегральная микросхема (далее - ИМС) - микроэлектронное изделие окончательной или промежуточной формы, предназначенное для выполнения функций электронной схемы, элементы и связи которого нераздельно сформированы в объеме и (или) на поверхности материала, на основе которого изготовлено изделие;

топология интегральной микросхемы (далее - топология) - зафиксированное на материальном носителе пространственно-геометрическое расположение совокупности элементов интегральной микросхемы и связей между ними;

использование в коммерческих целях - продажа, сдача внаем или иной способ коммерческого распространения, а также предложение осуществлять эти действия.

Под правообладателем в настоящем Законе понимаются автор, его наследник, а также любое физическое или юридическое лицо, которое обладает исключительными имущественными правами, полученными в силу закона или договора.

Статья 2. Отношения, регулируемые настоящим Законом

Настоящим Законом регулируются отношения, связанные с созданием, правовой охраной и использованием топологий.

Государственное регулирование в сфере охраны топологий осуществляется Правительством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 27 февраля 2003 года N 46, 7 июля 2015 года N 149)

См.:

постановление Правительства КР от 15 марта 2001 года N 100 "О Государственном агентстве по науке и интеллектуальной собственности при Правительстве Кыргызской Республики"

Статья 3. Объект и условия правовой охраны

Предоставляемая настоящим Законом правовая охрана распространяется только на оригинальную топологию.

Оригинальной является топология, созданная в результате творческой деятельности автора. Топология признается оригинальной до тех пор, пока не доказано обратное.

Топологии, совокупность элементов которой общеизвестна разработчикам и изготовителям ИМС на дату ее создания, настоящим Законом правовая охрана не предоставляется.

Топологии, состоящей из элементов, которые являются общеизвестными разработчикам и изготовителям ИМС на дату ее создания, предоставляется правовая охрана только в том случае, если совокупность таких элементов соответствует требованиям части второй настоящей статьи.

Правовая охрана, предоставляемая настоящим Законом, не распространяется на идеи, способы, системы, технологию или закодированную информацию, которые могут быть воплощены в топологии.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 4. Авторство на топологию

Автором топологии признается физическое лицо, в результате творческой деятельности которого эта топология была создана.

Если топология создана совместно несколькими физическими лицами, каждое из этих лиц признается автором такой топологии.

Не признаются авторами физические лица, не внесшие личного творческого вклада в создание топологии, а оказавшие автору только техническую, организационную или материальную помощь либо способствовавшие оформлению права на использование топологии.

Право авторства на топологию является неотчуждаемым личным неимущественным правом и охраняется законом бессрочно.

Статья 5. Имущественные права

Автору или иному правообладателю принадлежит исключительное право использовать эту топологию по своему усмотрению, в частности, путем изготовления и распространения ИМС с такой топологией, включая право запрещать использование этой топологии другим лицам без соответствующего разрешения, за исключением случаев, предусмотренных статьей 8 настоящего Закона.

Порядок пользования правами, принадлежащими нескольким авторам топологии или иным правообладателям, определяется договором между ними.

При отсутствии такого договора каждый из них может использовать топологию по своему усмотрению, но не вправе заключить договор о полной уступке всех имущественных прав на зарегистрированную топологию без согласия остальных правообладателей. В случае недостижения соглашения между правообладателями о заключении договора о полной уступке всех имущественных прав спор между ними может быть решен в судебном порядке.

Нарушением исключительного права на использование топологии признается совершение следующих действий без разрешения автора или иного правообладателя:

копирование топологии в целом или ее части путем ее включения в ИМС или иным образом, за исключением копирования только той ее части, которая не является оригинальной;

применение, ввоз, предложение к продаже, продажа и иное введение в хозяйственный оборот топологии или ИМС с этой топологией.

Статья 6. Передача имущественных прав

Имущественные права на топологию могут быть переданы полностью или частично другим физическим или юридическим лицам по договору.

Договор заключается в письменной форме и должен содержать следующие условия: объем передаваемых прав, способы использования топологии, порядок выплаты и размер вознаграждения, территорию использования и срок действия договора.

Договор об уступке имущественных прав или лицензионный договор на зарегистрированную топологию подлежит регистрации в порядке, определяемом Правительством Кыргызской Республики.

Договор о передаче имущественных прав на топологию без регистрации не действителен.

Имущественные права на топологию переходят по наследству в порядке, установленном законом.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

См.:

Правила рассмотрения и регистрации авторских договоров на объекты авторского права, договоров в области объектов смежных прав, договоров о передаче прав на топологии интегральных микросхем (утверждены постановлением Коллегии Кыргызпатента КР от 26 марта 1999 года N 3)

Статья 7. Имущественные права на топологию, созданную в порядке выполнения служебных обязанностей и по договору с заказчиком

Имущественные права на топологию, созданную в порядке выполнения служебных обязанностей или по заданию работодателя, принадлежат работодателю, если договором между ним и автором не предусмотрено иное.

Порядок выплаты и размер вознаграждения устанавливаются договором между автором и работодателем.

Имущественные права на топологию, созданную автором по договору с заказчиком, не являющимся его работодателем, принадлежат заказчику, если договором не предусмотрено иное.

Статья 7-1. Имущественные права на топологию, созданную при выполнении работ по государственному контракту

Имущественные права на топологию, созданную при выполнении работ по государственному контракту для государственных нужд Кыргызской Республики, принадлежат исполнителю (подрядчику), если государственным контрактом не установлено, что это право принадлежит Кыргызской Республике, от имени которой выступает государственный заказчик.

В случае если имущественные права на топологию, созданную при выполнении работ по государственному контракту для государственных нужд Кыргызской Республики, принадлежат не государственному заказчику, обладатель имущественных прав на топологию по требованию государственного заказчика обязан заключить с указанными им лицами договор о предоставлении права на использование такой топологии при изготовлении поставляемых товаров или выполнении подрядных работ для государственных нужд Кыргызской Республики.

Вознаграждение работнику (автору), создавшему топологию и не являющемуся правообладателем, выплачивается лицом, получившим это право в соответствии с частью первой настоящей статьи. Порядок выплаты и размер вознаграждения устанавливаются договором между автором и обладателем имущественных прав на топологию.

(В редакции Законов КР от 7 августа 2006 года N 150, 31 июля 2007 года N 127)

Статья 8. Действия, не признаваемые нарушением исключительного права на использование топологии

Не признается нарушением исключительного права на использование топологии:

использование законно приобретенных ИМС или изделий, содержащих такие ИМС, если осуществляющее такое использование лицо не знало и не должно было знать, что эти ИМС или изделия, содержащие такие ИМС, изготовлены и распространяются с нарушением исключительного права на использование топологии. После получения соответствующего уведомления от правообладателя топологии это лицо выплачивает соразмерную компенсацию за каждую ИМС или каждое изделие, содержащее такую ИМС;

использование в личных целях без извлечения прибыли, а также в целях оценки, анализа, исследования или обучения;

распространение ИМС с охраняемой топологией, введенных в хозяйственный оборот законным путем.

Не признаются нарушением исключительного права на использование топологии действия, указанные в части четвертой статьи 5 настоящего Закона, осуществляемые в отношении идентичной оригинальной топологии, независимо созданной другим автором.

Статья 9. Регистрация топологии

Автор топологии или иной правообладатель может по своему желанию непосредственно или через своего представителя зарегистрировать топологию путем подачи заявки на официальную регистрацию топологии ИМС (далее - заявка на регистрацию).

Подача заявки на регистрацию может быть осуществлена в срок, не превышающий двух лет с даты первого использования топологии, если оно имело 1 место.

Заявка на регистрацию должна относиться к одной топологии и содержать:

заявление на официальную регистрацию топологии ИМС с указанием правообладателя, а также автора, если он не отказался быть указанным в качестве такового, их местонахождения (местожительства), даты первого использования топологии, если оно имело место;

депонируемые материалы, идентифицирующие топологию, включая реферат с указанием оригинальности топологии;

схему пространственно-геометрического расположения элементов топологии ИМС;

документ, подтверждающий уплату регистрационного сбора в установленном размере или основания для освобождения от уплаты регистрационного сбора, а также для уменьшения его размера.

После поступления заявки на регистрацию проверяется наличие необходимых документов, соответствие их требованиям, изложенным в части третьей настоящей статьи. В течение двух месяцев после подачи заявки заявитель вправе дополнять, уточнять и исправлять материалы заявки.

Рассмотрение заявки производится в течение шести месяцев.

При положительном результате проверки топология вносится в Государственный реестр топологий интегральных микросхем Кыргызской Республики, публикуются сведения о зарегистрированной топологии и заявителю выдается свидетельство об официальной регистрации топологии интегральной микросхемы.

Порядок официальной регистрации, формы свидетельств об официальной регистрации, состав указываемых в них данных устанавливаются Правительством Кыргызской Республики.

Сведения, внесенные в Государственный реестр топологий интегральных микросхем Кыргызской Республики, считаются достоверными до тех пор, пока не доказано обратное.

Ответственность за достоверность указанных сведений несет заявитель.

За осуществление действий, связанных с официальной регистрацией топологий интегральных микросхем, договоров о передаче права и публикацию сведений взимаются регистрационные сборы.

Размеры, сроки уплаты регистрационных сборов, а также основания для освобождения от их уплаты или уменьшения их размеров устанавливаются Правительством Кыргызской Республики.

Для оповещения о своих правах автор топологии или его правопреемник имеет право указывать на охраняемой топологии, а также на изделиях, включающих такую топологию, уведомление об этом в виде выделенной прописной буквы Т ("Т", [Т], (Т), Т* или Т), даты начала срока действия исключительного права на использование топологии и информации, позволяющей идентифицировать правообладателя.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 10. Срок действия исключительного права на использование топологии

Исключительное право на использование топологии действует в течение десяти лет.

Начало срока действия исключительного права на использование топологии определяется по наиболее ранней из следующих дат:

по дате первого использования топологии, под которой подразумевается наиболее ранняя документально зафиксированная дата введения в хозяйственный оборот где-либо в мире этой топологии или ИМС с этой топологией;

по дате регистрации топологии.

В случае появления идентичной оригинальной топологии, независимо созданной другим автором, общий срок действия исключительного права на использование топологии не может превышать десяти лет.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 11. Защита прав на топологию

Автор топологии и иной правообладатель вправе требовать:

признания прав;

восстановления положения, существовавшего до нарушения права, и прекращения действий, нарушающих право или создающих угрозу его нарушению;

возмещения причиненных убытков, в размер которых также включается сумма доходов, неправомерно полученных нарушителем;

принятия иных предусмотренных нормативными правовыми актами мер, связанных с защитой их прав.

За защитой своего права автор или иной правообладатель может обратиться в установленном порядке в суд.

(Часть 3 утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 июля 2015 года N 149)

(Часть 4 утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 июля 2015 года N 149)

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 12. Охрана прав на топологию в зарубежных странах

Автор или иной правообладатель может испрашивать правовую охрану топологии в зарубежных странах только после регистрации соответствующей заявки. Несоблюдение данного положения влечет за собой ответственность, предусмотренную законодательством Кыргызской Республики.

Расходы, связанные с получением правовой охраны топологии в зарубежных странах, несет лицо, испрашивающее такую охрану, или по соглашению с ним - иное физическое или юридическое лицо.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 13. Права иностранных физических и юридических лиц

Иностранные физические и юридические лица пользуются правами, предусмотренными настоящим Законом, наравне с физическими и юридическими лицами Кыргызской Республики в соответствии с вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика, или на основе принципа взаимности.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 14. Международные договоры

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 июля 2015 года N 149)

Статья 15. Введение в действие настоящего Закона

1. Ввести в действие настоящий Закон с момента опубликования.

Опубликован в газете "Эркин Тоо - Свободные горы" от 10 апреля 1998 года N 43-44

2. Закон Кыргызской Республики "О правовой охране топологии интегральных микросхем" распространяется на отношения, связанные с созданием и использованием топологий интегральных микросхем, возникшие после введения в действие указанного Закона.

Действие настоящего Закона применяется к правоотношениям, возникшим до опубликования указанного Закона, если топологии интегральных микросхем будут зарегистрированы в Кыргызпатенте в течение двух лет с даты опубликования настоящего Закона.

3. Поручить Правительству Кыргызской Республики привести свои нормативные правовые акты в соответствие с настоящим Законом.

 

Президент Кыргызской Республики

 

А.Акаев

 

 

 

Принят Законодательным собранием Жогорку Кенеша Кыргызской Республики

 

2 марта 1998 года

 

 


التشريعات يحلّ محل (3 نصوص) يحلّ محل (3 نصوص) يُعدّله (3 نصوص) يُعدّله (3 نصوص) يُنفّذه (3 نصوص) يُنفّذه (3 نصوص)
لا توجد بيانات متاحة.

ويبو لِكس رقم KG195