عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب الاختصاص القضائي

اللائحة التنفيذية بشأن إجراءات المراقبة الجمركية للسلع المحتوية على حقوق ملكية فكرية (بصيغتها المعدلة الأخيرة بموجب القرار رقم 254 المؤرخ 23 أبريل 2015)، قيرغيزستان

عودة للخلف
أحدث إصدار في ويبو لِكس
التفاصيل التفاصيل سنة الإصدار 2015 تواريخ الاعتماد : 27 نوفمبر 2000 نوع النص اللوائح التنفيذية الموضوع إنفاذ قوانين الملكية الفكرية والقوانين ذات الصلة، هيئة تنظيمية للملكية الفكرية

المواد المتاحة

النصوص الرئيسية النصوص ذات الصلة
النصوص الرئيسية النصوص الرئيسية بالروسية Положение о порядке таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности (В редакции постановлений Правительства КР № 254 от 23.04.2015 г.)         بالقيرغيزية Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23 апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)        

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 27-ноябрындагы
N 694 токтому менен
бекитилди


Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-августундагы N 415, 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Жободо интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү аныктамалар колдонулат:

интеллектуалдык менчиктин объектилери - илим, адабият жана искусство чыгармаларынын нускалары; электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларынын, маалыматтар базаларынын, фонограммалардын нускалары; товардык белгилер, тейлөө белгилери менен маркаланган товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары менен белгиленген товарлар;

укук ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;

контрафакт товарлар - товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү же бажы контролунда турган товарлар менен башка аракеттерди жасоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу укук ээсинин укуктарын бузууга алып келген интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарлар"

товар чыгарууну убактылуу токтотуу - интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларды чыгарууну же шарттуу чыгарууну Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын убактылуу токтотушу.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине (мындан ары - Бажы реестри) киргизилген интеллектуалдык менчиктин объектилерине карата укук ээлеринин укуктарын өзүнүн компетенциясынын чегинде коргоону ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254  токтомунун редакциясына ылайык)

II. Интеллектуалдык менчиктин объектисин каттаттуу боюнча өтүнмө

4. Интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестринде каттоого өтүнмө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга укук ээси же укук ээсинин кызыкчылыгын жактаган, бажы чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө алардын интеллектуалдык менчик объектисине карата укуктары бузулгандыгын же бузулушу мүмкүн экендигин болжолдоого жетиштүү негизи бар башка жак тарабынан берилет жана ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) төмөнкүлөр камтылууга тийиш болгон арызды:

- укук ээси жөнүндө, ал эми эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе, ал тууралуу да толук маалымат;

- Бажы реестрине киргизилүүчү интеллектуалдык менчик объектисин көрсөтүү;

- анын товарларды чыгаруучу уюмдардын, ошондой эле ага таандык интеллектуалдык менчик объектилерин колдонууга ыйгарым укуктары же лицензиялары бар уюмдардын аталыштары жана даректери, аларды колдонууга ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;

- түпкү товарларды чыгарган жери;

- интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды коргоо мөөнөтү. Көрсөтүлгөн мөөнөт 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;

2) Интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды тастыктоочу документтер. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- интеллектуалдык менчик жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) тарабынан берилген товардык белгисин жана/же тейлөө белгисин каттоо жөнүндө күбөлүк;

- Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросунун реестринен Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгисин жана/же тейлөө белгисин эл аралык каттоо тууралуу көчүрмө, Кыргызпатенттин тиешелүү тастыктоосу менен;

- Кыргызпатент тарабынан берилген, товарларды чыгаруу жеринин аталышын колдонуу укугуна күбөлүк;

- автордук укуктарын каттоо тууралуу күбөлүк, эгерде ал Кыргызпатентте каттоого алынса;

- Кыргызпатентте катталган товардык белгисине жана тейлөө белгисине укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим (лицензиялык келишим, укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим), ошондой эле укук ээси интеллектуалдык менчик объектилерине карата өзүнүн укуктарын тастыктоо иретинде көрсөтө алган башка документтер;

- объектилерге карата автордук укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим (лицензиялык келишим, укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим, автордук келишим ж.б.);

- башка жактарга зыян келтиргендиги үчүн арыз берүүчүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими;

- укук ээси тарабынан берилген ишеним кат, эгерде документтер өкүл тарабынан берилсе;

- белгиленген тартипте салык органдары тарабынан берилген КНС боюнча төлөөчү катары каттоо тууралуу маалымкат;

3) интеллектуалдык менчик объектилери бар түпкү товарлардын сүрөттөлүшү жана зарыл болгон учурда интеллектуалдык менчик объектисин камтыган товардын сырткы көрүнүшү тууралуу толук маалымат берген үлгү же фото сүрөт же башка маалыматтар;

4) Бажы реестрине киргизүүгө арыз берген күнгө чейин 5 (беш) жылдан кем эмес мезгил ичиндеги арыз ээси тарабынан интеллектуалдык менчик объектисин камтыган товарларды ташып өтүү жөнүндө маалыматтар;

- 5) контрафакттык товарларды аныктоого мүмкүнчүлүк берген башка маалыматтар:

- шектелген контрафакттык товарлардын импорттоочусунун жана/же жүк алуучунун аты жана дареги;

- шектелген товарлардын толук сүрөттөлүшү, үлгүсүн жана/же фото сүрөтүн кошуу менен;

- шектелген товарды чыгаруучу өлкө же чыгаруучу өлкөлөр жана ишканалар;

- шектелген товар бажылык тариздөө үчүн болжолдуу берилүүчү жер;

- унаанын түрү же ташуучу уюмдун аталышы;

6) ушул Жобонун тиркемесине ылайык үлгү боюнча укук ээси тарабынан толтурулуучу бажы органдарынын чыгымдарын (эгерде шектелген товардын чыгуусун токтоткондон кийин белгиленген мөөнөттүн ичинде укук ээси кармалган товарга карата маселени чечүү тууралуу тиешелүү сотко арыз бергендигин тастыктоочу документтерди бербесе) жана декларация берүүчүнүн чыгашаларын (эгерде соттун чечими менен кармалган товар контрафакттык эмес деп табылса) өндүрүп берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенме (мындан ары - милдеттенме).

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында укук ээсинин кызыкчылыктарын жактоого тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же болбосо мындай ыйгарым укуктар берилген башка документтер (лицензиялык, автордук келишим, коммерциялык өкүлчүлүктүн келишими ж.б.) болсо, милдеттенме укук ээсинин өкүлү тарабынан таризделип жана берилиши мүмкүн.

Арызга милдеттенменин аткарылышын камсыздоону тастыктоочу документ же болбосо зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелдигин декларанттын пайдасына камсыздандыруу келишими тиркелет;

7) жыйымдардын төлөнүшүн тастыктаган документ.

Укук ээси (анын өкүлү) тарабынан берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээсинен (анын өкүлүнөн), үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан берилген маалыматтарды ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Суралуучу документтер суроо-талап келген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

Укук ээсинен (анын өкүлүнөн) суралган документтер келбесе, арыз кайра чакыртылган болуп саналат жана андан аркы кароого жатпайт, бул тууралуу укук ээси кат же электрондук формада кабарланат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

III. Өтүнмөнү карап чыгуу

5. Өтүнмөнү кабыл алуу жана карап чыгуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды түшкөн күнүнөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин Бажы реестрине киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу арыз ээси жазуу жүзүндө кабарланат. Мында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мөөнөттү узартууга укуктуу, бирок бир айдан ашык эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Интеллектуалдык менчик объектилерин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө чечим чыккандан кийин интеллектуалдык менчик объектилери Бажы реестрине киргизилет.

Интеллектуалдык менчик объектилерин идентификациялоо үчүн керектүү маалымдарды камтыган маалыматтык баракча 3 (үч) күндүн ичинде бажы органдарына аткаруу үчүн таратылат.

Интеллектуалдык менчик объектиси укук ээсинин арызы боюнча же болбосо укук ээси интеллектуалдык менчик объектисине карата укуктарынын жоюлушуна байланыштуу маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу билдирбеген учурда, укук ээси алмашканда жана лицензиялык келишимди колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда же интеллектуалдык менчиктин объектисин Бажы реестрине киргизүүдө жалган маалыматтар берилгенде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Бажы реестринен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Бажы контролдугу ишке ашырылуучу каттоонун жарактуулук мөөнөтү - интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим чыгарган учурдан тартып – эки жыл. Аталган мөөнөт укук ээси кошумча жыйым төлөө шартын аткарып, арыз берген учурда кийинки дагы бир мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Каттоону колдонуу мөөнөтү интеллектуалдык менчик укугунун жарактуулук мөөнөтүнөн узак болушу мүмкүн эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9. Укук ээси ушул Жобонун 4-пунктунун 6-пунткчасында каралган милдеттенмелерди аткарууну кепилдикке алуу максатында интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы жөнүндө билдирмени жиберген күндөн баштап бир айдын ичинде товарлардын чыгышын токтотуу менен жактарга келтирген мүлктүк зыяны үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин (келишимдерди) берүүгө милдеттүү.

Мында камсыздандыруу суммасы 10 (он) миң евродон кем болбошу керек.

Укук ээсинин кызыкчылыктарын бажы органдарында көрсөтүүгө тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же болбосо ушундай ыйгарым укуктар берилген башка документтер болгондо мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими (келишимдери) жана милдеттенме укук ээсинин өкүлү тарабынан таризделиши жана берилиши мүмкүн.

Мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими (келишимдери) берилбеген учурда Бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө ушундай чечим кабыл алган күндөн баштап беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.

Интеллектуалдык менчик объектилери Бажы реестринде каттоого алынганда төмөндөгү аткарылган иштер үчүн жыйым алынат:

- интеллектуалдык менчик объектилеринен ар бирин каттоого алгандыгы үчүн -1330 сом;

- интеллектуалдык менчик объектисинин каттоосунун жарактуулук мөөнөтүн узарткандыгы үчүн - 410 сом.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Бажы реестри бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бажы реестрин жүргүзүүнүн жана аны жарыялоонун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

IV. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу

11. Интеллектуалдык менчик объектилери бар товарларга карата бажы документтерин толтуруунун жана бажы контролдугунун тартиби ушул Жободо каралган өзгөчөлүктөр эске алынуу менен бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында жана башка нормативдик укуктук актыларда белгиленген тартипте ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Бажы реестринде катталган интеллектуалдык менчик объектилери бар товарлар аныкталган учурда бажы органдары бул товарларды чыгарууну же шарттуу чыгарууну жана сатууну 10 (он) жумушчу күнгө чейин токтотушат.

Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин укук ээси же анын өкүлү товарды ташып келүүгө жазуу жүзүндө макулдук берсе товар чыгаруу токтотулбайт.

Укук ээсинин же анын кызыкчылыгын жактаган жактын суроо-талабы боюнча бул мөөнөт бажы органы тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок 10 (он) жумушчу күндөн ашык эмес убакытка чейин гана.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Товарларды чыгарууну токтотуу жана товарларды чыгарууну токтотуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим бажы органынын жетекчиси же ыйгарым укук берилген адам тарабынан жазуу жүзүндө таризделет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Кыргыз Республикасынын бажы органы товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей товар чыгарууну убактылуу токтотуу себептери жана убактылуу токтотуу мөөнөттөрү жөнүндө декларантка жана укук ээсине, же алардын укугун жактаган адамдарга билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле ал декларантка укук ээсинин аталышы менен дарегин, ал эми укук ээсине декларанттын аталышы менен дарегин кабарлайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ал он жумушчу күндүн ичинде бажы органына тиешелүү сот органында товар чыгаруу убактылуу токтотулгандыгына карата өзүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын калыбына келтирүү боюнча чара көргөндүгүн ырастоочу документтерди бериши керек.

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтерди берүүдө интеллектуалдык менчик объектилери бар товарларды чыгарууну токтотуунун мөөнөттөрү соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Эгерде укук ээси сот процессин козгогондугу жөнүндө бажы органына он күндүк мөөнөт ичинде билдирбесе жана жарнак берүүчү товарларды ташып келүү боюнча калган шарттарды аткара турган болсо товарлар жарнак берүүчүгө кайтарылып берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

V. Товар чыгарууну убактылуу токтотууга байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү

17. Укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте милдеттемени аткарууну камсыз кылууну төгүшү керек. Эгер укук ээси ушул Жобонун 15-пунктундагы шарттарды аткарбаса, анда товарды чыгарууну токтото туруу менен байланышкан бажы органдарынын чыгымдарын жапа товарды токтото туруунун натыйжасында келип чыккан, декларанттын зыяндарын эсептен чыгаруу менен укук ээсине кайтарылып берилет. Ал эми эгер камсыз кылуунун суммасы көрсөтүлгөн чыгымдарды жана зыяндарды жабуу үчүн жетишсиз болуп чыкса, анда кошумча төлөнүүгө тийиш болгон сумманын өлчөмү укук ээси менен декларанттын ортосунда макулдашуу, же сот тартибинде аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794 токтомунун редакциясына ылайык)

VI. Кыргыз Республикасынын бажы органдары берүүчү маалыматтарга карата мамиле. Товардын бөлүгүн жана үлгүсүн текшерүү үчүн алуу

18. Бажы органы мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жашыруун сыр же мыйзам тарабынан корголуучу бөлөк жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматты товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кайсы товарга карата кабыл алынса ошол товардын контрафакт товар экендигин аныктоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болсо анын жашыруундугун сактоого зыян келтирбестен аны укук ээсине декларанттарга же алардын кызыкчылыгын жактаган жактарга бере алат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Укук ээлери же декларанттар же алардын кызыкчылыгын жактаган адамдар алган маалымат үчүнчү адамдарга берилбейт жана ал аларга эмне үчүн берилсе ошол максатта гана пайдаланылышы керек.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Бажы органынын уруксаты боюнча жана анын кызмат адамынын катышуусунда укук ээси жана декларант же алардын кызыкчылыгын жактаган адамдар товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кайсы товарга карата кабыл алынса ошол товардын бөлүгүн жана үлгүсүн ала алышат жана аларга изилдөө (экспертиза) жүргүзө алышат.

VII. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу

21. Эгерде укук ээси (анын өкүлү) товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим өз күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде товар чыгарууну убактылуу токтотуу жана (же) аны Бажы реестринен чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса, же болбосо ушул Жободо белгиленген өлчөмдө жана белгиленген мөөнөттө акча чегербесе, товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жокко чыгарылат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

22. Укук ээси (анын өкүлү) кармалган товарга сот процесси козголгондугу тууралуу жана сот тарабынан ушул товар барымтага алынгандыгы жөнүндө далилдерди бергенден кийин товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жокко чыгарылышы керек. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысы, же болбосо анын ордундагы кызмат адамы жокко чыгарат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

 

Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобого
тиркеме

Товарларды токтото турууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө
МИЛДЕТТЕМЕ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Муну менен, ________________________________________________________________

Укук ээси же укук ээсинин ишенимдүү адамы (Уставга ылайык юридикалык же жеке

____________________________________________________________________________

жактын толук аталышы, юридикалык дареги, МИЖРК коду, СТИН, телефон,

____________________________________________________________________________

факс, жеке адамдар үчүн паспортунун маалыматтары, ишеним каттын N)

Шектелген товар контрафакттык эмес экени белгилүү болгон учурда, товарды чыгарууну токтото туруу менен байланышкан бардык көрсөтүлгөн бажы органынын чыгымдарын жана декларантка келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Катар N

Товардын аталышы

ТЭИТН коду

Интеллектуалдык менчиктин объектисинин корголуу мүмкүнчүлүгү тууралуу документтин аталышы, N жана күнү

Интеллектуалдык менчиктин объектисинин каттоо номери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арыз ээси товарды токтото туруу жөнүндө кабар алган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде милдеттемени аткарууну камсыз кылууну (товарлардын күрөөсү, банктык кепилдик, депозит, кепилдик) төгүүгө милдеттенет.

Бажы органынын боло турган чыгымдарынын эсебин Бажы берет (иш сараплар жана транспорттук чыгымдар жана башкалар), ал эми Декларанттын боло турган чыгымдарынын эсебин Декларант (транспорттук чыгымдар, жүктөө-түшүрүү жумуштары, убактылуу сактоо чыгымдары жана башкалар) берет.

Бажы органдарынын чыгымдарынын жана декларанттын зыяндарынын ордун толтурууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 345, 346, 348-беренелеринин талаптары менен тааныштым.

 

Укук ээси __________________ (колу)

М.О.

 

 

 

Утверждено
постановлением Правительства Кыргызской Республики
от 27 ноября 2000 года N 694

ПОЛОЖЕНИЕ
о порядке таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности

(В редакции постановлений Правительства КР от 6 августа 2001 года N 415, 22 декабря 2009 года N 794, 20 мая 2014 года № 263, 23 апреля 2015 года № 254)

I. Общие положения

1. Настоящее Положение определяет порядок таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

2. Для целей настоящего Положения применяются следующие определения:

объекты интеллектуальной собственности - экземпляры произведений науки, литературы и искусства; экземпляры программ электронных вычислительных машин, баз данных, фонограмм; товары, маркированные товарными знаками, знаками обслуживания, наименованиями мест происхождения товара;

правообладатель - лицо, обладающее правами на объект интеллектуальной собственности в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

контрафактные товары - товары, содержащие объекты интеллектуальной собственности, если перемещение таких товаров через таможенную границу или иные действия с товарами, находящимися под таможенным контролем, влекут за собой нарушение прав правообладателя, охраняемых в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

приостановление выпуска - отложение таможенными органами Кыргызской Республики выпуска или условного выпуска товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности.

(В редакции постановлений Правительства КР от 22 декабря 2009 года N 794, 23 апреля 2015 года № 254)

3. Таможенные органы Кыргызской Республики в пределах своей компетенции осуществляют защиту прав правообладателя на объекты интеллектуальной собственности, включенные в Таможенный реестр объектов интеллектуальной собственности (далее - Таможенный реестр).

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

II. Заявка на регистрацию объекта интеллектуальной собственности

4. Заявка на регистрацию объекта интеллектуальной собственности в Таможенном реестре подается правообладателем или лицом, представляющим интересы правообладателя, имеющим достаточные основания полагать, что при перемещении товаров через таможенную границу нарушены или могут быть нарушены их права на объекты интеллектуальной собственности, в уполномоченный государственный орган в сфере таможенного дела и включает в себя:

1) заявление, в котором должно содержаться следующее:

- полные данные о правообладателе, а в случае, если заявление подается его представителем, о представителе;

- указание объекта интеллектуальной собственности, подлежащего внесению в Таможенный реестр;

- имена и адреса организаций, производящих его товары, а также организаций, имеющих полномочия или лицензии на использование объектов интеллектуальной собственности, принадлежащих ему, документы, подтверждающие полномочие на их использование;

- место производства оригинальных товаров;

- срок защиты прав на объекты интеллектуальной собственности. Указанный срок не может быть более 2 (два) лет;

2) документы, подтверждающие права на объект интеллектуальной собственности. Это могут быть:

- свидетельство о регистрации товарного знака и/или знака обслуживания, выданное уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности (далее - Кыргызпатент);

- выписка из реестра Международного бюро Всемирной организации интеллектуальной собственности о международной регистрации товарного знака и/или знака обслуживания на территории Кыргызской Республики с соответствующим подтверждением Кыргызпатента;

- свидетельство на право использования наименования места происхождения товаров, выданное Кыргызпатентом;

- свидетельство о регистрации авторского права, если оно зарегистрировано в Кыргызпатенте;

- договор о передаче прав на товарный знак и знак обслуживания (лицензионный договор, договор об уступке прав), зарегистрированный в Кыргызпатенте, а также другие документы, которые правообладатель может представить в подтверждение своих прав на объекты интеллектуальной собственности;

- договор о передаче прав на объекты авторского права (лицензионный договор, договор об уступке прав, авторский договор и т.д.);

- договор страхования гражданско-правовой ответственности заявителя за причинение вреда другим лицам;

- доверенность, выданная правообладателем, если документы подаются представителем;

- справка о регистрации в качестве плательщика по НДС, выданная налоговыми органами в установленном порядке;

3) описание оригинальных товаров, содержащих объект интеллектуальной собственности, и при необходимости - образец или фотоснимок, или другие данные, дающие полное представление о внешнем виде товара, содержащего объект интеллектуальной собственности;

4) сведения о ввозе заявителем товаров, содержащих объект интеллектуальной собственности, за период не менее 5 (пять) лет до дня подачи заявления на включение в Таможенный реестр;

5) иная информация, позволяющая выявить контрафактные товары:

- имя и адрес импортера и/или грузополучателя подозреваемых контрафактных товаров;

- подробное описание подозреваемых товаров, включая образец и/или фотоснимок;

- страна или страны происхождения и предприятие, выпускающее подозреваемый товар;

- место, куда предположительно подозреваемый товар будет представлен для таможенного оформления;

- вид транспорта или название транспортирующей организации;

6) письменное обязательство правообладателя, заполняемое по образцу согласно приложению к настоящему Положению, о возмещении расходов таможенных органов (в случае, если в течение определенного срока после приостановления выпуска подозреваемого товара правообладатель не предоставит документы, свидетельствующие о подаче заявления в соответствующий суд о решении вопроса в отношении задержанного товара) и убытков декларанта (в случае, если решением суда будет установлено, что задержанный товар не является контрафактным) (далее - обязательство).

При наличии надлежащим образом оформленной доверенности на представление интересов правообладателя в таможенных органах Кыргызской Республики либо иного документа (лицензионный, авторский договор, договор коммерческого представительства и т.д.), делегирующего такие полномочия, обязательство может быть оформлено и представлено представителем правообладателя.

К заявлению прилагается документ, подтверждающий обеспечение исполнения обязательства, либо договор страхования риска ответственности за причинение вреда в пользу декларанта;

7) документ, подтверждающий уплату сбора.

В целях проверки достоверности представленных правообладателем (его представителем) сведений уполномоченный государственный орган в сфере таможенного дела вправе запрашивать у правообладателя (его представителя), третьих лиц, а также у государственных органов документы, подтверждающие заявленные сведения. Запрашиваемые документы должны быть представлены в течение 10 (десять) дней со дня получения запроса.

При непоступлении от правообладателя (его представителя) запрошенных документов заявление считается отозванным и дальнейшему рассмотрению не подлежит, о чем правообладатель уведомляется в письменной или электронной форме.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

III. Рассмотрение заявки

5. Принятие и рассмотрение заявки осуществляется уполномоченным государственным органом в сфере таможенного дела.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

6. Уполномоченный государственный орган в сфере таможенного дела рассматривает заявление в срок, не превышающий одного месяца со дня его поступления, и принимает решение о включении указанных в заявлении объектов интеллектуальной собственности в Таможенный реестр или об отказе в их включении. О принятом решении заявитель уведомляется в письменной форме. При этом уполномоченный государственный орган в сфере таможенного дела вправе продлить срок, но не более чем до одного месяца.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

7. После вынесения решения о включении объекта интеллектуальной собственности в Таможенный реестр объект интеллектуальной собственности вносится в Таможенный реестр.

Информационный листок, содержащий необходимые данные для идентификации объекта интеллектуальной собственности, в течение 3 (три) дней рассылается таможенным органам для исполнения.

Объект интеллектуальной собственности может быть исключен из Таможенного реестра досрочно по заявлению правообладателя либо по решению уполномоченного государственного органа в сфере таможенного дела в случае несообщения правообладателем об изменении сведений относительно прекращения прав на объект интеллектуальной собственности, замены правообладателя и досрочном прекращении действия лицензионного договора или предоставления недостоверных сведений при включении объектов интеллектуальной собственности в Таможенный реестр.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

8. Срок действия регистрации, в течение которого будет осуществляться таможенный контроль, - два года с момента вынесения уполномоченным государственным органом в сфере таможенного дела решения о включении объекта интеллектуальной собственности в Таможенный реестр. Указанный срок может быть продлен на следующий срок по заявлению правообладателя при условии уплаты дополнительного сбора.

Срок действия регистрации не может быть более срока действия прав интеллектуальной собственности.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

9. Правообладатель в целях гарантии исполнения обязательства, предусмотренного подпунктом 6 пункта 4 настоящего Положения, обязан в течение одного месяца со дня направления уведомления о принятии решения о включении объектов интеллектуальной собственности в Таможенный реестр представить договор (договоры) страхования ответственности за причинение имущественного вреда лицам в связи с приостановлением выпуска товаров.

При этом страховая сумма должна быть не менее 10 (десять) тысяч евро.

При наличии надлежащим образом оформленной доверенности на представление интересов правообладателя в таможенных органах либо иного документа, делегирующего такие полномочия, обязательство и договор (договоры) страхования ответственности за причинение имущественного вреда могут быть оформлены и представлены представителем правообладателя.

В случае непредставления договора (договоров) страхования ответственности за причинение имущественного вреда принимается решение об отказе во включении в Таможенный реестр, о чем заявитель уведомляется в письменной форме в течение 5 (пять) рабочих дней со дня принятия такого решения.

За регистрацию объектов интеллектуальной собственности в Таможенном реестре взимается сбор за следующие действия:

- регистрация каждого из объектов интеллектуальной собственности - 1330 сомов;

- продление срока действия регистрации объектов интеллектуальной собственности - 410 сомов.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

10. Таможенный реестр ведется уполномоченным государственным органом в сфере таможенного дела. Порядок ведения и опубликования Таможенного реестра определяется уполномоченным государственным органом в сфере таможенного дела.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

IV. Приостановление выпуска товаров

11. Порядок таможенного оформления и таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности, осуществляется в порядке, установленном таможенным законодательством Кыргызской Республики в сфере таможенного дела и другими нормативными правовыми актами, с учетом особенностей, предусмотренных настоящим Положением.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

12. В случае обнаружения товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности, зарегистрированные в Таможенном реестре, таможенные органы приостанавливают выпуск или условный выпуск и реализацию этих товаров сроком до 10 (десять) рабочих дней.

Выпуск товаров не приостанавливается, если после получения уведомления о приостановлении, правообладателем или его представителем представлено письменное согласие на их ввоз.

По запросу правообладателя или лица, представляющего его интересы, этот срок может быть продлен таможенным органом, но не более чем на 10 (десять) рабочих дней.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

13. Решения о приостановлении выпуска товаров и продлении срока приостановления выпуска товаров оформляется в письменной форме руководителем таможенного органа или уполномоченным им лицом.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

14. Таможенный орган Кыргызской Республики обязан уведомить декларанта и правообладателя или лиц, представляющих их интересы, о приостановлении выпуска в срок не позднее следующего рабочего дня после дня, когда было принято решение о таком приостановлении, причинах и сроках приостановления, а также сообщает декларанту наименование и адрес правообладателя, а правообладателю - наименование и адрес декларанта.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

15. В течение десяти рабочих дней после того, как правообладатель получил уведомление о приостановлении выпуска товара, он должен представить в таможенный орган документы, свидетельствующие о том, что им предприняты меры в соответствующем судебном органе по восстановлению законных прав и интересов в отношении приостановленных товаров.

При представлении документов, указанных в абзаце первом настоящего пункта, сроки приостановления выпуска товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности, продлеваются до вступления в законную силу соответствующего решения суда.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

16. Если в течение десятидневного срока таможенный орган не был уведомлен правообладателем о возбуждении судебного процесса, товары будут отпущены декларанту при условии, что все остальные условия ввоза были выполнены.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

V. Обеспечение затрат, связанных с приостановлением выпуска

17. Правообладатель в течение трех рабочих дней после получения уведомления о приостановлении выпуска обязан внести обеспечение исполнения обязательства в порядке, установленном гражданским законодательством Кыргызской Республики.

В случаях, когда правообладателем не выполнены условия пункта 15 настоящего Положения, то обеспечение возвращается правообладателю за вычетом расходов таможенных органов, связанных с приостановлением выпуска товаров и убытков, причиненных декларанту, возникших вследствие приостановления товара. А в случае, если сумма обеспечения оказывается недостаточной для покрытия расходов и убытков, то размер суммы, подлежащей доплате, определяется соглашением между правообладателем и декларантом, либо в судебном порядке.

(В редакции постановления Правительства КР от 22 декабря 2009 года N 794)

VI. Отношение к информации, предоставленной таможенным органом Кыргызской Республики. Взятие проб и образцов

18. Таможенный орган может без ущерба для защиты информации, составляющей государственную, коммерческую, служебную тайну или иную охраняемую законом тайну, предоставлять правообладателям и декларантам или лицам, представляющим их интересы, информацию, которая может быть использована, чтобы определить, являются ли товары, в отношении которых принято решение о приостановлении выпуска, контрафактными.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

19. Информация, полученная правообладателем или декларантами или лицами, представляющими их интересы, не может передаваться третьим лицам и должна использоваться исключительно в целях, для которых она была предоставлена.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

20. С разрешения таможенного органа и в присутствии его должностного лица правообладатель и декларант или лицо, представляющее их интересы, могут брать пробы и образцы товаров, в отношении которых принято решение о приостановлении выпуска, и проводить их исследования (экспертизу).

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

VII. Отмена решения о приостановлении выпуска

21. Если в течение срока действия решения о приостановлении выпуска правообладатель (его представитель) обратится с просьбой об отмене решения о приостановлении выпуска и (или) об исключении из Таможенного реестра, либо не внесет обеспечение в размере и в сроке, установленном настоящим Положением, решение о приостановлении выпуска подлежит отмене.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

22. Решение о приостановлении выпуска товара подлежит отмене после представления правообладателем (его представителем) свидетельства о возбуждении судебного процесса в отношении задержанного товара и наложения судом ареста на товар. Решения о приостановлении выпуска отменяются начальником таможенного органа Кыргызской Республики либо должностным лицом, его замещающим.

(В редакции постановления Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254)

 

 

 

Приложение
к Положению о порядке таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности

 

 

 

Начальнику таможни
________________

ОБЯЗАТЕЛЬСТВО
о возмещении расходов, связанных с приостановлением товаров

(В редакции постановлений Правительства КР от 22 декабря 2009 года N 794, 23 апреля 2015 года № 254)

Настоящим ________________________________________________________

___________________________________________________________________

Правообладатель или доверенное лицо правообладателя

___________________________________________________________________

(полное наименование юридического или физического лица в соответствии

___________________________________________________________________

с Уставом, юридический адрес, код ОКПО, ИНН, телефон, факс,

___________________________________________________________________

для физических лиц паспортные данные, N доверенности)

обязуется возместить все предъявленные расходы таможенного органа, связанные с приостановлением выпуска товаров, и убытки, причиненные декларанту в случае, если будет установлено, что подозреваемый товар не является контрафактным.

N п/п

Наименование товара

Код ТНВЭД

Наименование, N и дата документа об охраноспособности объекта интеллектуальной собственности

Регистрационный номер объекта интеллектуальной собственности

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Заявитель обязуется внести обеспечение исполнения обязательства (залог товаров, банковская гарантия, депозит, поручительство) в течение 3 рабочих дней со дня получения уведомления о приостановлении выпуска товара.

Расчеты ожидаемых расходов таможенного органа предоставляет Таможня (командировочные затраты, транспортные расходы и др.), а расчеты ожидаемых расходов Декларанта определяет Декларант (транспортные расходы, погрузочно-разгрузочные работы, расходы на временное хранение и др.).

С требованиями статей 345, 346, 348 Таможенного кодекса Кыргызской Республики, регулирующими возмещение расходов таможенных органов и убытков декларанта, ознакомлен.

 

Правообладатель _______________________ (подписю( �/span>

М.П.

 


التشريعات يخصّ (1 نصوص) يخصّ (1 نصوص) يحلّ محل (1 نصوص) يحلّ محل (1 نصوص) يُعدّله (3 نصوص) يُعدّله (3 نصوص)
لا توجد بيانات متاحة.

ويبو لِكس رقم KG152